Талкууга өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү катышууда. Анда айрым депутаттар жана жарандык активисттер кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушу туура эместигин, мөңгүлөрдүн жок болушу Кыргызстандын гана эмес Борбор Азиянын, дүйнөнүн экологиясына зыян алып келерин айтышууда. Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти үндөп жатышат.
Активисттер 8-ноябрда Бишкекте мөңгүлөрдү сактап калуу талабы жана Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы тынч митинг өткөрүшкөн болчу. Акцияны бүгүн улантып, өкмөт уюштурган талкууга катышарын билдиришкен.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.
Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.
Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.
Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган. (NT)