Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде топтолгон машинелердин саны жалпы 280ден ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Учурда "Ак Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде эл тыгыны жок. Бат-баттан эле өтүп жатышат. Ал эми эл ташыган автобус, кичи автобус жана жеңил автоунааларды кошкондо аталган бекетте 30дай машине турат. "Ак Тилек" бекетинде болсо 160тай оор жүк ташуучу автоунаа бар. Таластагы "Чоң Капка" бекетинде 130дан ашык жүк ташуучу машинелер топтолгон. "Чалдыбарда" машине жана киши тыгыны жок.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак Тилек" бекетинде машинелердин тыгыны акыркы төрт-беш күндөн бери азайды.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, "Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө чейин оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, алардын кезеги 10 чакырымдан ашып кеткен болчу. Астана бул кадамын алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн.
Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев КМШ өкмөт башчыларынын ноябрдын башында Ташкентте болгон жыйынында чек араны ачуунун беш шартын жарыялаган. (NT)