Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

ДСУ кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулайт


Таластагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети. Сүрөт 14-октябрда тартылган.
Таластагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети. Сүрөт 14-октябрда тартылган.

Дүйнөлүк соода уюму кыргыз-казак чек арасындагы абалды жана анын кесепеттерин бүгүн Женева убактысы боюнча саат 3тө (Бишкек мөөнөтү менен кечки саат 20.00дө) талкуулайт. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун маалымат катчысы Урмат Кабылова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков баштаган делегация ушу тапта Женевада жүрөт. Алар ДСУда чек арадагы жагдай боюнча атайын баяндама жасашат.

Казакстан менен чек арадагы абал татаалдашкандан кийин Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлгөн. "Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө чейин оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, алардын кезеги 10 чакырымдан ашып кеткен болчу. Акыркы төрт-беш күндөн бери чек арада тыгын азайып, машинелер өткөрүлгөн. Бирок азыр деле өткөрмө бекеттерде жалпы 200дөн ашык оор жүк ташуучу автоунаалар турганы кабарланды.

Астана текшерүүнүн күчөтүлүшүн алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев КМШ өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында ​чек араны ачуунун беш шартын жарыялаган. (​NT)

XS
SM
MD
LG