Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

"Республика-Ата-Журт": Бабановго саясий кылмыш иши козголду


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары бүгүн фракция лидери Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүүнү сунуштады.

Аталган фракциянын катчылыгы тараткан билдирүүдө Бабановго саясий өңүттө кылмыш иши козголгону айтылат. Фракцияга кирген эл өкүлдөрү убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушун бир добуштан колдогону жазылган.

Маалыматка караганда, фракция мүчөлөрү өз чечимин спикер Дастан Жумабековго жиберишти. Эми бул демилге парламенттин көпчүлүк добушу менен чечилет.

Фракция өкүлдөрү Өмүрбек Бабановго саясий кылмыш иши козголду жана мындай көрүнүш демократияга, саясий эркиндикке сокку урат деген чечимге келишкен. Бабановдун Оштогу сөздөрүндө мыйзам бузуу жоктугун белгилешкен. Мындан тышкары укук коргоо органдарын, Башкы прокуратураны бул ишти калыс, дыкат карап чыгууга чакырышкан.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат жана 15-октябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов менен башка адамдарга да Кылмыш кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилгенин жарыялаган. Бабанов өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун маалымдаган.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышып, жарышта экинчи болуп келген. КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Шайлоодон кийин анын тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтышкан. Бирок бийлик муну четке кагып, шайлоо калыс өттү деп билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG