Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 11:13

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин жума күнү журналисттерге билдиргенин “Хабар” мамлекеттик телеканалы баштаган бир катар жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бекшин Кыргызстандан талапка туура келбеген продукциялар келип жатканын айткан.

Айрым маалымат булактары баш-аягы үч компанияга: «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский» ишканаларынын продукцияларына чектөө киргизилгенин кабарласа, “Тенгриньюс” баштаган басылмалар чектөөгө кабылган компаниялардын саны төртөө экенин, алардын арасында “Эмилия” жоопкерчилиги чектелген ишканасы бар экенин жазды.

Кыргыз өкмөтү жана аты аталган компаниялар Казакстандын бул чечими боюнча маалымат бере элек.

Казакстан 10-октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүлөрдү күчөткөндөн көп өтпөй кыргызстандык сүт азыктарын чыгарган беш компаниянын продукцияларына чектөө киргизген.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы жыйынында каралып, анда кыргыз өкмөтү Казакстан “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатат деп билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG