Дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп Азия саммитинин алкагында Филиппиндин лидери Родриго Дутерте менен жолукту. Трамп жолугушуудан кийин эки тарап ортосунда “алакалар бекемделгенин” айтты.
- Биздин алакалар бекем, жолугушуу ийгиликтүү өттү. Бүгүн биз көптөгөн башка лидерлер менен жолугушууларды өткөрөбүз. АСЕАН саммитин Филиппиндин президенти жана анын өкүлдөрү мыкты уюштурду. Мен бул жерден рахат алдым.
Бири-бирине карама-каршылыктуу эки лидердин жолугушуусу Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттердин башчыларынын саммити Манилада өтүп жаткан учурда көп кишинин назарын бурду.
Анын алдында укук коргоочулар Трампты Филиппинде маңзатка каршы жарыяланган согушта миңдеген адамдар өлтүрүлгөндүгү үчүн президент Дутертеге каршы бекем позицияда турууга үндөшкөн. "Филлипин президентине жолукканда адам укуктары боюнча маселе көтөрдүңүзбү?" деген журналисттин суроосун Трамп жоопсуз калтырды.
Ал арада Маниланын көчөлөрүнө миңдеген адамдар Дональд Трампка каршы демонстрацияга чыгышты. 500гө чукул куралчан полиция кызматкерлери жаалданган адамдарды Азия саммити өтүп жаткан жайга жакындатпай, жолду бөгөп турушту.
Филиппинде Кошмо Штаттардын лидери Азия континентинин беш мамлекетиндеги 12 күндүк сапарын жыйынтыктайт.