Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Антибиотиктерди туура пайдалануу жумалыгы башталды


13-19-ноябрда дүйнө жүзүндө антибиотиктерди туура пайдалануу боюнча жумалык өтүүдө. Анын максаты - дүйнө коомчулугун антибиотикке туруктуу дарттардын келип чыгышы, догдурдун көрсөтмөсү жок бул дарыларды колдонбоо керектигин эскертүү.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги да жумалыктын алкагында калкты маалымат менен камсыз кылуу акциясын өткөрүп жатат.

Ар бир жаран каттоого турган дарыгеринен антибиотиктер тууралуу кеңири маалымат ала алат.

Аларды туура эмес пайдалануудан улам Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө жылына 4 миллион киши жабыркап, 37 миң адам каза табууда.

Кыргызстанда азырынча бул багытта расмий такталган статистика жок. 2016-жылы өлкөдө антибиотиктерди дарыгердин расмий көрсөтмөсү жок сатууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген, бирок ал толук сакталбайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG