Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Мигранттар которгон акча 1,7 миллиард доллардан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктардан келген акча 1 миллиард 740 миллион долларды түздү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркыдан 274,6 миллион долларга көп. Ал эми быйыл тогуз ай ичинде 316,2 миллион доллар Кыргызстандан сыртка которулган.

Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттар которгон каражат Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар экенин билдирген.

Былтыр кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG