Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:42

Собчакты президенттик шайлоодо “Жарандык демилге” партиясы сүрөйт


Ксения Собчак 18-октябрда президенттик шайлоого катышаарын жарыя кылган.

Теле алып баруучу Ксения Собчак Орусиядагы президенттик шайлоого “Жарандык демилге” партиясынан талапкер катары чыгат.

Мындай чечимин Собчак бул партиянын идеологиясы өз көз карашына төп келгени менен түшүндүрдү.

- “Жарандык демилге” партиясынын идеологиясы жана баалуулуктары Орусиянын жарандарынын келечеги, эркиндиги жана адам укуктары тууралуу менин көз карашыма туура келет. Орусияны келечекке умтулган европалык өлкө катары элестетебиз. Биз дале болсо бардык демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырып жатабыз. Ишке ашпаган амбицияларды, пикир келишпестиктерди унутуп, биригүү менен гана биз жеңишке жетишебиз, - деп билдирди Собчак.

“Жарандык демилге” партиясынын лидери Андрей Нечаев демократиялык күчтөрдү Собчактын айланасына биригүүгө чакырды.

Бул партия 2013-жылы түзүлгөн. Аны 1992-93-жылдары Орусиянын экономика министри болгон Андрей Нечаев жетектейт.

Ксения Собчак 18-октябрда президенттик шайлоого катышаарын жарыя кылган. Ал өзүн “баарына каршы” деп добуш берчүлөрдүн талапкери катары сыпаттап келет. Айрым маалымат каражаттары Собчактын шайлоого аттанышына президент Владимир Путиндин администрациясынын тиешеси экенин деп жазып чыгышкан. Теле алып баруучу болсо Кремл менен байланышы бар экенин четке кагып келет.

Эми Собчакты “Жарандык демилге” партиясынан талапкер катары көрсөтүү маселеси декабрь айындагы курултайда каралаары күтүлүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG