Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Москва Мадриддин дооматын четке какты


Каталониянын төбөлсүздүгүн колдогондордун акциясында тартылган сүрөт.
Каталониянын төбөлсүздүгүн колдогондордун акциясында тартылган сүрөт.

Испаниянын коргоо министри Долорес де Коспедаль Каталониянын көз каранды эместиги боюнча өткөн референдумдун айланасындагы социалдык тармактарга тараган маалыматтардын көбү Орусиянын аймагынан таратылганын айтты. Ошол эле маалда ал мындай маалыматтардын Кремлге байланышы бар экендигине так далилдер жоктугун ырастады. Бул тууралуу Коспедаль Евробиримдиктин тышкы иштер жана коргоо министрлеринин 15-ноябрда өткөн жыйынында билдирди. Аны кесиптеши, Испаниянын тышкы иштер министри да колдоду.

- Мен Каталониядагы референдумдун айланасында туура эмес маалыматтардын таратылышы боюнча маселе көтөргүм келет, - деди Испаниянын тышкы иштер министри Альфонсо Дастис.

Москва бул айтылгандарга жооп кайтарып, мындай дооматтарды четке какты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 15-ноябрда жасаган билдирүүсүндө мындай далилсиз айыптоолор менен Испания соңку он жылдагы эң ири кризистен жарандарды алаксытууну көздөп жатканын билдирди.

Испаниянын экономикалык жактан бакубат Каталония аймагы көз карандысы эместигин 27-октябрда жарыялаган. Анын алдында бул маселе боюнча Мадрид "мыйзамсыз" деп атаган референдум өткөн болчу.

Буга байланыштуу Испаниянын борбордук өкмөтү Каталониянын автономия макамын токтотуп, аймактык өкмөттүн президент Карлес Пучдемон баш болгон жетекчилерин кызматтан четтетип, 21-декабрга мөөнөтсүз шайлоо белгилеген.

XS
SM
MD
LG