Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Казакстандын башкы дипломаты Атамбаевдин сөзүнө жооп берди


Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов.
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин чек арадагы абал боюнча айткандарына комментарий берди.

Казакстандын маалымат каражаттары кабарлагандай, ал бүгүн Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, дипломат катары башка өлкөнүн башчысынын айткандарына баа бере албасын айтты. Бирок ошону менен катар "Кыргызстандын кызматы аяктап жаткан президентинин сөздөрү саясий жактан туура эмес жана эгемен мамлекеттин башчысынын макамына туура келбейт" деди.

Ошондой эле ал эки өлкө ортосунда мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча аракеттер улана берээрине ишенээрин айтып, "Кыргызстандын премьер-министринин Астана сапарында иштелип чыккан “жол картасына” кол коюуга өзгөчө көңүл буруу керек экенин” кошумчалады.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө кечээ Казакстандын Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев да жооп кайтарган.

“Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуу менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткарыш керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул”,- деп жазды Касым-Жомарт Токаев өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында.

Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты. Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ички иштерине казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кийлигишип жатканын айтып, сынга алган.

Атамбаев 15-ноябрдагы сөзүндө кыргыз-казак чек арасындагы абалды “блокада” деп атап, Кыргызстан анын кесепеттерин көтөрө алаарын билдирген.

Ал туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында сүйлөгөн учурунда төмөнкүлөргө токтолгон:

- Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган абалда турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок. (RK)

XS
SM
MD
LG