Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаев Орусияга түшкө чейин жөнөп кетет.
Иш сапарынын жүрүшүндө ал Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышат. Андан тышкары, Орусиянын жетекчилери менен эки тараптуу алаканы талкуулайт.
Президент 8-ноябрда Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, тараптар эки мамлекеттин кызматташуусундагы актуалдуу маселелерди, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкууга алышкан. Путин Атамбаевди Санкт-Петербург маданий форумунун ачылыш аземине катышууга чакырган. Форумдун ачылышы бүгүн Мариин театрында өтмөкчү. (NT)