Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Карганбек Самаков баштаган кишилердин соту болот


Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков, анын баласы Кубанычбек Самаков, экс-премьер-министр, эл өкүлү Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиев, мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоев, экс-президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана башка кишилерге козголгон ишти карайт.

Айыпталуучулардын жакындарынын айтымында, сотто тараптардын жарыш сөзү уланат. Акыркы териштирүү 14-ноябрда өткөн. Анда прокуратура Карганбек Самаковду 19 жыл, Курманбек Бакиевди 30 жыл, Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратууну, калгандарын 11 жылдан 18 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоо алардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт.

Карганбек Самаков баштаган адамдарга кылмыш иши эки жыл мурун козголгон. Ага 2008-жылы сөз болуп жаткан адамдар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деген айыптоо негиз болгон. Алар өздөрүнө тагылган күнөөнү негизсиз деп атап келишет. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG