Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Зимбаведе Мугабени президенттиктен кетирүү аракети башталды


Роберт Мугабе жубайы Грейс Мугабе менен 7-ноябрдагы митинг маалында.
Роберт Мугабе жубайы Грейс Мугабе менен 7-ноябрдагы митинг маалында.

Зимбабвенин башкаруудагы ЗАНУ-ПФ партиясы президент Роберт Мугабеге кызматтан кетүүсүнө дүйшөмбү түшкө чейин убакыт берди. Же болбосо импичмент жарыяланмакчы. Бул тууралуу коопсуздук министрине шилтеме менен Рейтер агенттиги кабарлады. Мунун алдында партиянын жыйыны өтүп, Мугабе жетекчиликтен алынган. Анын ордун жакында вице-президенттиктен кетирилген Эммерсон Мнангагва келди. Мугабенин жубайы Грейс да партиядан куулганы маалымдалууда. Ишембиде башкалаа Харареде он миңдеген киши көчөлөргө чыгып, өлкөнү экономикалык кыйынчылыктарга кептеген президентке нааразылыгын билдиришкен. 15-ноябрда Змимбабвенин армиясы бийликти өз колуна алып, Мугабени үй камагына отургузушкан.

Ал өлкөнү эгемендик алган 1980-жылдан бери жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG