Казакстан мажлисинин төрагасы Нурлан Нигматуллин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 20-ноябрдагы айрым билдирүүлөрүн "жоопкерчиликсиз жана популисттик" деп баалады.
Казак спикери Кыргызстанды Нурсултан Назарбаевден артык эч ким колдоп, жардам берген эмес деп эсептейт.
"Кыргызстандын эли Казакстандын лидерине дайыма жылуу маанайда жана ыраазычылык менен мамиле кылат. Ошондуктан Атамбаевдин курулай, популисттик жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрүнүн баары биздин элдин бир туугандык мамилелерине эч качан зыянын тийгизе албайт. Атамбаевдин өзүнө келсек, президенттик жылдарында ал экономикада да, саясатта да бир дагы натыйжага жетише албаганы баарына көрүнүп турат. Ал эми кетип баратып саясий да, ички да маданияты таптакыр жоктугун көргөздү" деди Нигматуллин.
20-ноябрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президенттиктен кетип бараткан Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президентине кайрылганын белгилеген. Ошондой эле коңшуларга "сабак бергенин" айтып, Казакстанды сындаганын туура кадам деп баалаган.
Эки өлкөнүн мамилеси 7-октябрда Атамбаев "Казакстан Кыргызстандын шайлоосуна кийлигишип жатат" дегенден кийин солгундай баштаган.