Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:44

Саакашвили: Украинага премьер-министр болууга даярмын


Михаил Саакашвили.

19-ноябрдагы Киевдеги митингде Михаил Саакашвили Украинада жаңы өкмөт түзүп, премьер-министр болууга даяр экенин билдирди.

"Украина жаңы өкмөттүн чукул куралышына муктаж болуп турат. Мен сиздер менен бирге бул процессти жетектөөгө даярмын. Керек болсо ошол өкмөттү башкарууга да даярмын", деди Саакашвили.

Киевдеги парламенттин алдында жүздөгөн митингчилер 17-октябрдан бери чатыр тигип, кетпей турушат. Алар депутаттарды кол тийбестиктен ажыратууну, коррупцияга каршы сот түзүүнү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү жана президентке импичмент жарыялоо процедурасын жөнгө салууну талап кылышууда. Саакашвили баштап чыккан демонстрацияларга кийинчерээк башка да оппозициялык саясатчылар кошулган.

Грузиянын мурдагы президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвили быйыл жайында украин жарандыгынан ажыратылган. Паспорту жараксыз деп табылганына карабай сентябрда Украинага Польша аркылуу кирип келген Саакашвили азыр “Жаңы саясий күчтөрдүн кыймылы” деген партияга лидерлик кылууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG