Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:04

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жүрөгүнө байланыштуу ооруканага жаткырылды.

Депутаттын жардамчысы Улан Байышбековдун «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, аны бүгүн эртең менен "Тез жардам" унаасы менен Бишкектин №6 ооруканасынын кардиология бөлүмүнө алып барып жаткырышты.

Бүгүн Жогорку Сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту өтүп жатат.

Ал эми Шыкмаматовдун өзү боюнча сот иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келе жатат. Азыр ишти кароодо кезек тараптардын жарыш сөзүнө келген. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG