Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Түндүк Кипрде кыргызстандык жигит камакка алынды


Гирне шаары. 11-июнь, 2012-жыл.
Гирне шаары. 11-июнь, 2012-жыл.

Түндүк Кипрде кыргызстандык бир жигит кармалгандыгы кабарланууда. Бул тууралуу "Kıbrıs gazetesi" басылмасы билдирди.

Анда 18-ноябрда кыргызстандык А.И. деген жигит Гирне шаарындагы бир имараттан эки мотоцикл жана 352 куту жаңы араба тетиктерин уурдап бара жаткан жеринен полиция кызматкерлерине кармалганы жазылган.

Бул факт боюнча "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр кыргызстандык шектүү жарандын болжолдуу шериктерин да издеп жатышат.

Түндүк Кипрде расмий эмес маалыматтар боюнча бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казинолордо, ресторандарда ж.б. жайларда иштешет. (ElB)

XS
SM
MD
LG