Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Атамбаев: Кыргызстан күн санап гүлдөп баратат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Кыргызстан чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат", - деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен жолукканда.

Президент милиция кызматкерлери үчүн курулган кабат үйдүн ачылышына катышты. Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып ал:

- Алты жыл мурда "Кыргызстан талкаланып жок болот" дешкен. Андай болгон жок. Биз бул жолдон тайбашыбыз керек, - деди.

Атамбаев укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир нече үй салынганын айтып, декабрь айында Ош шаарында милиционерлер үчүн 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктай тургандыгын кошумчалады. “Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Кыргызстанда туруктуулук жана коопсуздук болушу үчүн ошону камсыз кылгандар күчтүү болушу керек. 2010-жылдагы трагедия учурунда армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз”, -деди президент.

Расмий статистика боюнча Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашууну же болбосо 1,5 миллиондун тегерегиндеги адам жакырчылыктын чеңгелинде жашайт.

2017-жылдын июль айына карата жалпы жумушсуздуктун деңгээли 7,6 пайызды түзгөн.

Калктын аз камсыз болгон катмарын жана жумушсуздарды колдоо максатында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чакан кредиттик агенттиктери түзүлгөн. Бирок мамлекеттен бөлүнгөн мына ошол социалдык насыялар жок болуп кеткен фактылар ачыкка чыга баштады. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG