Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Сузакта бала зордуктаган имамга өкүм чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда Сузак райондук соту 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп айыпталган имамга карата өкүм чыгарып, аны бул кылмышы үчүн 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна бүгүн кабарлады.

Соттолгон жаран Кылмыш-жаза кодексинин “Жаш балага карата жасалган сексуалдык зомбулук аракеттер” беренесинин негизинде айыптуу деп табылды. Мындан тышкары ал маңзат сактоо, экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча 3 жылга соттолду. Ошентип, “Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө” талабына ылайык ​ага жалпысынан 21 жыл чегерилди.

Облустук сотко апелляциялык арыз түшпөгөнүнө байланыштуу жаза мөөнөтү октябрь айынан тартып күчүнө кирди.

Сузактын Ат-Чабар айылында жашаган аял он жаштагы эркек баласын коңшусу зордуктап жүргөнүн айтып, былтыр 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын "Азаттыкка" айтканына караганда, айылдын имамы, бет маңдайлаш жашаган улгайып эле калган коңшусу уулун көптөн бери коркутуп, кордоп жүргөнүн кокусунан билип калган​.​ (RsK)

XS
SM
MD
LG