Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

ИИМ: Улан Саляновду өлтүргөндөрдүн изине түшө элекпиз


Данияр Абдыкаров
Данияр Абдыкаров

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын инисинин өлүмүнө байланыштуу ошол тегеректеги 51 видеокөзөмөл камерадан алынган тасмалар 10 күн арта түрдүрүлүп текшерилип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берген ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров билдирди.

Бирок, анын айтымында, азырынча милиция кылмышкерлердин изине түшө элек.

- Эч нерсе жок деп айта албайбыз. Экспертиза жүргүзүп жатабыз. Бирок изине түштүк деп азырынча айта албайбыз, - деген Абдыкаров окуя болор замат ал жерге милициянын атайын үйрөтүлгөн итин алып барышканын, ит бир изге түшкөнүн, бирок конуштун четиндеги талаага барып токтоп калганын, балким кылмышкер ошол жерден машинага түшүп кеткен болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Ошондой эле Абдыкаров кылмышкерлердин манжаларынын изи да табылбаганан айтты. “Бир нече жерден издерди алдык, бирок алар ошол үйдүн тургундарыныкы болуп чыкты” деди ал.

Абдыкаровдун белгилешинче, кол салгандар үч адам болгон.

Аида Салянова видеокөзөмөл тасмалары өтө кеч, окуядан алты күн өткөндөн кийин гана алынганын, кол салгандар үч эмес, андан көбүрөөк адам болгонун белгиледи.

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнөкурал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG