Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Бишкекте миңге жакын үй-бүлө отун менен камсыз болду


Отун таратуу учуру. Бишкек.
Отун таратуу учуру. Бишкек.

Бишкек шаардык муниципалдык “Жашылдандыруу” мекемеси борбор калаадагы аз камсыз болгон 268 үй-бүлөгө кыштын алдында 400 куб жыгач отун берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Күз айларынын башында болсо аялуу катмардагы жана мүмкүнчүлүгү чектелген 668 үй-бүлө отун менен камсыз болгон. Буга улай төрт райондук администрацияга 100 кубдан жыгач отун таратылган.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, бул отун шаардагы эскирген дарактарды кыйып, бутаганда чогулган.

10-октябрда Казакстан чек арасын жапкандан бери ал жактан көмүр келбей, Кыргызстандык түндүк облустарында, анын ичинде Бишкекте көмүр кымбаттаган. Кээ бир жерлерде көмүр алты жарым сомдон, айрым жерлерде сегиз-тогуз сомго чейин чыккан. Ошондон улам быйыл көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр сатып алуудан кыйналып, отунга муктаждык жаралууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG