Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качкан төрт кишинин экөө колго түштү. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Экөө Бишкек шаарынан кармалды. Учурда милиция кызматкерлери аларды алып келүүгө кетти. Кимдер кармалганы азырынча белгисиз, кошумча маалымат беребиз.

Сокулук ИИБнин тергөө абагынан 27-ноябрда таңкы саат алтыга жакын качты деген төрт кишини кармоо боюнча Бишкектин жана Чүйдүн милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришкен.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлагандай, бул адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери болгон “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып жаткан. Аталган мекеме издөөгө алынган кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн жарыялаган.

Алар - 1979-жылы туулган Рамил Базаркулов, Бакыт Дилдешов, 1985-жылы туулган Багтият Ачылдурдиев жана 1989-жылы туулган Кайрат Жанботоев. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG