Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Абактан оор кылмышка шектүүлөр качты


Сокулук райондук милиция бөлүмүнөн качып чыккандар. Сүрөттү ИИМ таратты.
Сокулук райондук милиция бөлүмүнөн качып чыккандар. Сүрөттү ИИМ таратты.

Бүгүн таңда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан камактагы төрт киши качып, анын экөө кармалганы кабарланды.

Ушу тапта Чүй жана Бишкек райондук милициясы түп көтөрүлүп, абактан качкандарды издеп жатат. Качкан адамдар оор кылмыш кылды деген шек менен соттолуп жаткандыктан, алардын эркиндикте жүрүшү жай тургундар үчүн кооптуу экени айтылууда.

Милиция "Сирена" жаңыртты

Сокулук ИИБнин тергөө абагынан 27-ноябрда таңкы саат алтыга жакын качты деген төрт кишини кармоо боюнча Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришти.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлагандай, бул адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери болгон “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып жаткан.

- Качып кеткен кишилер тергөө абагында кармалып, соту жүрүп жаткан. Учурда алардын кандайча качып кеткени боюнча иликтөө иштери башталды. Аны менен катар Бишкекте жана Чүйдө издөө иштери жүрүп, атайын план түзүлдү, - дейт Осмонбаев.

Абактан качкандарды издөө иштери күчөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун билдирүүсү боюнча, ушул тапта издөөгө алынган кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү жарыяланды. Алар - 1979-жылы туулган Рамил Базаркулов, Бакыт Дилдешов, 1985-жылы туулган Багтият Ачылдурдиев жана 1989-жылы туулган Кайрат Жанботоев.

Булардын экөө колго түшкөнүн Чүй милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Экөө Бишкек шаарынан кармалды. Учурда милиция кызматкерлери аларды алып келүүгө кетти. Кимдер кармалганы азырынча белгисиз, кошумча маалымат беребиз, - деди Нурбек Токтосунов.

Таңда эмес, түндө качышканбы?

Кылмышка шектүүлөр таңкы саат алтыда качканы тууралуу маалымат тараганы менен аларды түнкү саат экилерде Ош базарына таксисттердин бири жеткирип келгени айтылууда. Муну "Азаттыкка" атын атагысы келбеген милиция кызматкери билдирди.

Таксист эртең менен маалымат каражаттарынан качкындардын сүрөтүн көргөн соң, милицияга өзү кайрылган. Ушундан улам, күндүз милиция Ош базарын, ага жакын көчөлөрдөгү үйлөрдү тинте баштады.

Өзүн Максат деп тааныштырган Кулиев көчөсүндө жашаган тургун милиция райондогу үйлөрдүн ар бирин текшерип жатканын билдирди.

- Бирөөлөр качып, ошолорду издеп жүрүшөт деп бизге айтышты. Милиция үйлөрдүн эшиктерин тээп ачып кирип, ар бир батирди текшерип жатышты. Колдорунда качкан балдардын сүрөттөрүн кармап алыптыр. Кээ бир үйлөрдө жашагандар уктап жатканына карабай эле бут кийимчен кирип барып, ойготуп, текшерип жатышты.

Бул арада социалдык тармактарда май куюучу бекеттердин бириндеги камерага абактан качкандар түшүп калган видео таркады. Бул видеодо да убакыт түнкү саат эки жарым деп көрсөтүлгөнүн байкоого болот. Ушундан улам коомчулукта абактагылар таңкы алтыда эмес, андан мурда качып кеткен деген божомолдор айтыла баштады.

Милиция азырынча бул жагдай туурасында комментарий бербестен, тергөө жана издөө иштери аягына чыккандан кийин гана толук маалымат бериле турганын билдирди.

Жөн качып кетиши мүмкүн эмес эле

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Сокулуктагы тергөө абагынын абалы менен жакшы тааныш экенин айтты. Бирок ал абактан качып кетүү мүмкүн эмес эле дейт:

- Сокулуктун убактылуу кармоочу жайын мен жакшы билем. Ал ИИБнын жер төлөсүндө жайгашкан. Ал жакта бир нече текшерүү турат. Ошондой эле нөөмөт бөлүмү да текшерүүлөрдүн биринде турат. Булардын бардыгын аттап өтүү оңой эмес. Мен көзү ачыктык кылып, кандай болгонун айта албайм. Бирок ИИМдин ички коопсуздук кызматы окуяны тыкыр иликтеп, камактагыларды качыргандарды жоопкерчиликке тартышы керек.

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан төрт кишинин качып чыкканы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Ал эми ишке юридикалык баа берүү үчүн материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Окуяга байланыштуу облустардагы стационардык посттор күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Милиция жөнөкөй жарандарды абактан качкандар тууралуу маалыматы болуп калса тартип органдарынын нөөмөт бөлүмүнө ыкчам кабарлоого үндөп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG