Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Абактагы ачкачылык: аткарылбас талап


Өмүр бою соттолгондор камалган 19-абакта отурган 13 киши ачкачылык акциясын токтотушту. Алар 27-июндан бери камоо режимине нааразы болуп тамак-аштан баш тартышкан.

Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, ачкачылык жарыялагандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин нааразылык акциясын токтотушкан.

- 19-абак өмүр бою соттолгондор үчүн жаңы курулган. Мында режим өзгөртүлүп, мурда көнгөндөн башкача. 13 киши ачкачылык жарыялады. Азыр мурдагыдай ээн-эркин басып жүрө алышпайт, камерада отурат. Ошого нааразы болуп жатышат, - деди “Азаттыкка” Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова

Ошондой эле абак шартына нааразы болуп жаткандар уюлдук телефондун сигналын басуучу аппараттан башыбыз ооруп жатат деп даттанышкан. 2016-жылы ишке кирген Сокулук районундагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын түрмөдө соттолгондор ээн-эркин басып жүрө албайт.

Ал эми түрмөдө ачкачылык кармагандар менен сүйлөшүп чыккан Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов 19-абакта отурган жалпы 106 кишинин 13ү эмес, 80ден ашууну камоо шарттарына нааразы болушканын айтууда.

- Бир адам мыйзам бузганы үчүн абактагы айып изоляторуна камалат. Анан ал чыккандан кийин эле 88 адам ачкачылык кармашкан. Алар шарттарды өзгөртүп берүүнү талап кылышкан. Эмне шарт экенин сурасам, "жолугушууга келгендер менен айнектен телефон менен сүйлөшпөй, өзүнчө бөлмөдө жолуксак" дейт. Ал эми бул мыйзамга каршы келет.

"Андан көрө атып салсын"

Буга чейин өзүнчө жабык жай болбогондуктан өмүр бою эркинен ажыратылгандар ар кайсы абактарда убактылуу соттолгондор менен бирге жазасын өтөп келген. 2007-жылы атайын абактын курулушу башталып, анын биринчи корпусу 2016-жылы ишке кирген. Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөй адам болсо, учурда бул жайда 100дөн ашык адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бирге Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, телефон аркылуу аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыкты.

Былтыр 19-абактын ачылышына барган журналисттерге өмүр бою эркинен ажыратылган 65 жаштагы соттолуучу жаңы ачылган абактын шартына нааразылыгын билдирген:

"Түрмөдөн качып кеткен окуядан кийин бул жерге алып келип салды. Бул жеңилдетүүбү? Мен, мисалы, 16 жылдан бери отурам. Жакшы эле отурдум. Жеңилдеткени ушулбу? Андан көрө атып салсын".

Жазаларды аткаруу кызматы шарты катаал түрмөнү курууда Орусия жана Казакстандагы абактардын үлгүсү эске алынып, бул жайда бир камерада экиден жана төрттөн адам кармала турганын маалымдаган. Ошондой эле кызматкерлердин коопсуздугу камсыздалган, абактагыларга бардык тийиштүү шарттар жетиштүү экенин билдиришет.

Долбоор боюнча аталган 19-абак 300дөн ашуун кишини батыра алат. Бирок азыр анын бир корпусу гана бүткөрүлдү. Курулушка мамлекеттен 185 миллион сом кетсе, толук бүткөрүүгө дагы 200 миллион сом талап кылынат.

Бөлүп кармоо демилгеси

Айрым эксперттер өмүрүнүн соңуна чейин кесилгендер кылмыш дүйнөсүнүн куралына айланды деп айтып келишет. Алар абактагы жеңил кылмыш менен отургандарга, сырткы чөйрөгө дагы кооптуу экенин белгилеп, абактарда кылмышкерлерди жазасынын түрүнө карата өз-өзүнчө бөлүп кармоо демилгесин колдошот.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов:

- Эми жеңил кылмыш менен эки жылга соттолгондор оңолуп чыгышы керек да. Алар оор кылмыштар менен аралашып отурганда оңолмок беле? Мамлекет колдон келсе баарын бөлүп кармашы керек.

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар иш менен камсыз болушпайт. 10-15 жыл абакта үлгүлүү жүрүм-турумунан кийин гана кандайдыр бир жеңилдиктер каралган. Алардын тамагына күнүнө 75 сом бөлүнөт.

Өмүр бою соттолгондорун 60 пайызы биринчи жолу кылмыш жасагандар. Жылына болжол менен 5-10 киши оор кылмыш беренеси менен өмүр бою эркинен ажыратылат.

Кылмыш-жаза кодекси боюнча бир же бир нече адамды өлтүрүү, террористтик акт уюштуруу сыяктуу оор кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Мындай жаза 18 жашка толо электерге, 60тан ашкандарга, аялдарга колдонулбайт.

Кыргызстанда өлүм жазасы өмүр бою абакка кесүүгө 2005-жылы алмаштырылган. Учурда Кыргызстандын жабык жайларында 10 миңдей адам жазасын өтөп келет.

"Азаттыктын" архивинен: Өмүр бою соттолгондордун абагы

Өмүр бою соттолгондордун абагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG