Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:40

Үч түрмөдө экстремизм-терроризм боюнча соттолгон 40тай адам бир аптадан бери ачкачылык кармап жатат.

Алар негизинен камераларда өз-өзүнчө кармоого, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынганына нааразы экени кабарланууда.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча ачкачылык кармагандардын саламаттыгы көзөмөлдө жана тиешелүү органдар, адистер сүйлөшүп, нааразы болгондордун талаптарын талдап жатат.

Кыргыз абактарында диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо тажрыйбасы мындан бир айдай мурун башталган эле.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Диний экстремизм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, 47 жана 3-абакта кармалат. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова үч абакта 40тай адам ачкачылык кармап жатканын, алар негизинен кармоо шартын мурдагыдай эле калтырууну, мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотууга салынган тыюуну алып салууну талап кылып жатышканын "Азаттыкка" айтты.

- Азыр социалдык тармактарда кимдир бирөөлөр ислам динине шек келтирип жатат деген мааниде “сакалдарын кырып салды” деп жазып жатышат. Негизи андай болгон жок. Болгону камералык типтеги жайда кармалгынына нааразы болуп жатышат. Азыр бир камерада үчтөн отурушат. Биз аларды камераларга бөлө баштаганыбызга бир ай дагы боло элек. Камералардын полун жыгачтан жасап бердик, тамактары өзүнчө даярдалат. Шарт болушунча түзүлүп берилген, өкмөткө деле нааразы болгонго негиз жок. Булар буга чейин лагердик типте жүрүшкөн. Ошого көнүп алышып, азыр камераларга отургулары келбей кысым болуп жатат деп айтып жатышат. Бирок эми мындан ары диний экстремизм-терроризм менен соттолгондор, өмүр бою эркинен ажырагандар ушундай режимде гана кармалышат.

Элеонора Сабатарова ачкачылык кармагандардын саламаттыгы көзөмөлдө экенин, тиешелүү органдар иштеп жатканын кошумчалады:

- Эми ачкачылык десе эле таптакыр ооздоруна эч нерсе алган жок деп айтканга деле болбойт. Алар суюктук ичип жатат. Өздөрүнүн тили менен айтканда “кургак”, “суюк” жана башка деген түрлөрү бар экен. Биз аларды байкап, кан басымын текшерип жатабыз. Эгер саламаттыгы начарлап баратса, биз дарыгерлерге кайрылабыз жана ийне сайып, дары берип, мажбурлап тамактандырганга аргасыз болобуз. Бирок азыр мындай абалга жеткен жок.

Былтыр жазында Жаза кодекси өзгөргөн жана диний радикализм боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо тууралуу жобо кирген. Ага чейин жабык жайларда экстремизм боюнча соттолгондор башка кылмыштарга айыпталгандарды да радикализмге тартып жатканы боюнча доомат көп айтылып келген.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев мындай чара адам укуктарына каршы келет деген дооматты четке какты жана муну экстремизм-терроризмге каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы катары сыпаттады:

- Абакка түшкөндөрдүн баары эле кат-сабаты жоюлган, толук калыптанып бүткөн эмес. Экстремизм жана терроризм менен соттолгондор мыкты психолог болушат. Адамдар менен сүйлөшө, тилин таба билишет. Алар ушундай ыкмалар менен башка адамдарды азгырган учурлары көп болуп жатат. Бул маселе Коопсуздук кеңешинде да каралган болчу. Анан ошонун чечими менен ушундай чаралар көрүлүп жатат.

Адвокат Акин Токталиев диний экстремизм-терроризм боюнча соттолгондордун укугун коргоп келет. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын диний материалдарды экспертизадан өткөрүүгө укугу жоктугун, ошондой экспертизанын корутундусу менен соттоо мыйзамсыз экенин такай айтат:

- Буларды мыйзамсыз камап жатышат деп мен прокуратураны, ИИМди, УКМКны сотко бергем. Бирок соттор менин арызымды карабай жатышат. Мен президенттин жардыгы менен ушундай мыйзамсыз камоолор болуп жатат деп Атамбаевди да сотко бергем, сот аны дагы карабай, мен Конституциялык палатага кайрылдым. Табылды деген материалдарга экспертизаны эч билими, адистиги, тажрыйбасы жок адамдар өткөрүп жатат. Ушунун негизинде түшүнүк менен эле соттоп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин экстремизм боюнча 1700 адам соттолуптур. Бирок экстремисттик деген мүнөздөгү бир да китеп табылбаптыр.

Экстремизм жана терроризм менен соттолгондор мыкты психолог болушат. Алар башка адамдарды азгырган учурлары көп болуп жатат.
Кубат Оторбаев

Түрмөдөгү соңку жагдайды Жаза аткаруу кызматынын Коомдук байкоочу кеңеши дагы иликтеп, көз салып жатат. Байкоочу кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова динге байланыштуу соттолгондор боюнча бир катар маселелерди чечүү зарылдыгы бар экенин айтып берди:

- Кыргызстан үчүн, дегеле дүйнө үчүн динге байланышкан кылмыштар жаңы көрүнүш болуп жатат. Бир топ көйгөйлүү маселелер чыгып жатат. Мисалы, Жаза кодексинде, абактардын ички жоболорунда соттолгон адамдардын сакалынын узундугу канча болушу керектиги жазылган эмес. Абдан кыска болушу керек деген бар. Бирок муну азыр карап чыгуу керек. Анткени коом өзгөрүп жатат да. Ошондуктан ушундай маселелерди кеңешип, эл аралык тажрыйбаларда карап чечүү керек. Адамдын диний ишенимине шек келтирбегендей чаралар болушу керек. Мунун баарын ойлонуштурушубуз керек. Биз азыр ушундай маселелерди талкуулап, башка өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын карап жатабыз.

Расмий маалымат боюнча ушул тушта 300дөн ашуун адам диний радикализм боюнча айыпталып, камакта отурушат. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмдун мүчөлөрү.

Өмүр бою соттолгондордун абагы, 02.05.2017

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG