Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Тажик мигранттардын Орусиядан үмүтү күч


Москвадагы рейд учурунда кармалган мигранттар. 30-июль, 2013-жыл.
Москвадагы рейд учурунда кармалган мигранттар. 30-июль, 2013-жыл.

Быйыл тажикстандык мигранттар мекенине былтыркыдан көп акча салышты. Орусияда экономикалык абал аздап калыбына келе баштагандан тартып ал жакка агылгандар да көбөйгөнү байкалууда.

Быйылкы тогуз айда Орусияда иштеген тажикстандык мигранттардын мекенине салган акчасы 1 млрд. 700 млн долларга жетти. Бул өткөн жылга салыштырганда 18% көп. Буга байланыштуу кышка карабай Орусияга жөнөгөн жарандар көбөйгөнү байкалууда. Тажикстандагы кесиптешим алар унаага отурарда кепке тарткан:

- Мен бир мекемеде беш жылдай мыйзамдуу иштегем. Барсам эле дароо кайра ишке алышат. Мурда жайында барып, кышында келчүмүн. Азыр кышка карабай кетип баратам.

- Бул жерде жумуш барбы? Жок да. Оор турмуштун айынан кетип баратпаймбы.

- Ал жакта иштей турган ишим бар. Айлыкты убагында алып турам. Ошон үчүн кайрадан баратам, - деп жооп беришкен Орусияга жөнөп бараткандар.

Орус-казак чек арасындагы тажик мигранттары.
Орус-казак чек арасындагы тажик мигранттары.

2016-жылы тажикстандык мигранттар андан мурдагы жылга караганда 33% аз акча которушкан. Кризис, рубль курсунун түшүшү, натыйжада ырыстуу маяна төлөгөн жумуштардын азайышы он миңдеген мигранттарды үйүнө кайтууга аргасыз кылган эле. Көпчүлүгү миграция эрежелерин, мыйзамды бузганы үчүн өлкөдөн чыгарылган.

Азыр эми Орусиянын экономикасындагы аз-маз жылыштар кайрадан үмүттү жандандырды.

Демейде жаз барып, кышта кайты келчү тажикстандыктар азыр мезгилге карабай калгандай. Тажикстандыктар үчүн жумушка орношуудагы узак жана татаал процедуралар, жергиликтүүлөрдүн, өзгөчө полициянын ташбоор мамилеси да буга жолтоо кылбайт. Анын себебин экономика илимдеринин доктору Рахмон Ульмасов мындайча чечмелейт.

- Кризиске да, санкцияга да карабай эмнеге кетип жатышат? Анткени тажик мигранттарына Орусияда талап жогору. Бүгүн, дагы узак жылдарга ушундай болот. Кеминде 2050-жылга чейин талап жоголбойт. Демек бул көрүнүш улана берет. Андан тышкары Тажикстанда элдин саны тез көбөйүп атат. Жылына 160 миңге көбөйүп жатат. Биз жылына эң көп дегенде 120 миң жумуш ордун түзүп атабыз. Мынча орун иштейм дегендердин баарына эле жете бербейт. Анан албетте, кетишет да.

Тажикстандын Дангара аймагы. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Тажикстандын Дангара аймагы. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Анын үстүнө Тажикстанда карапайым адамдар үчүн турак жай сатып алып же салуу тургай үй-бүлө багып, бала-чакасын окутуу оор. Өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акы 55 долларга барабар.

Тажик бийлиги бир нече жылдан бери араб өлкөлөрү, Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгүлөр менен эмгек келишимин түзүүгө далалат жасап келет. Жергиликтүүлөр бул аркылуу Орусиядан көз карандылыкты азайтыш керек экенин айтышат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстандын ички дүң жыйымына мигранттар салган акча олуттуу таасир этет. Ушундан улам Орусиянын экономикасы бир пайызга төмөндөсө, аталган өлкөлөрдө ал 0,7-0,8% сезилери да эсептелип жүрөт.

Макала "Настоящее время" телеканалындагы баяндын негизинде даярдалды.

Которгон Али Токтакунов.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG