Голландиянын прокуратурасы аскердик кылмыштар боюнча айыпталып келген Слобадан Праляьктын сотто уу ичип алып өлгөнү боюнча иликтөө баштады. 29-ноябрда Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын Гаагадагы сот процессинде Пральяк кичинекей айнек шишедеги суюктукту ичип алып, уу ичкенин айткан. Процесс түз ободо чагылдырылып жаткан. Соттун өкүлү билдиргендей, Пральяк анын өмүрүн сактап калуу аракеттерине карабастан ошол эле күнү ооруканада көз жумду. Шишедеги суюктук тууралуу эч кандай маалымат чыккан жок.
Прокурорлор Пральяк ууну кайдан алганы жана тыштан ага ким жардам бергени боюнча териштирүү иштерин башташты.
29-ноябрдагы процессте сот алты босниялык хорваттын 2013-жылы берилген апелляциялык арызын караган. Ал генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.
Алар 1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлерди түзүшкөн деп айыпталууда. 72 жаштагы Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.