Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Бишкекте студенттер ВИЧке тестирлөөдөн өтүүдө


1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөш күнүн утурлай Бишкектеги бир катар окуу жайлардын студенттери ВИЧке тестирлөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу республикалык “СПИД” борборунун адиси Замира Тилекова “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Статистика боюнча 19 жаштан 39 жашка чейинкилер көп катталып жатат. Ар кандай иш-чаралардын алкагында студенттерден шилекей аркылуу тест алынууда. Анын жыйынтыгы 20 мүнөттө чыгат. Ар бири менен жеке дарыгерлер сүйлөшүп, жыйынтыгы өздөрүнө гана айтылууда. Жалпысынан 150дөй студент текшерилди.

ВИЧ илдети менен Кыргызстанда жети миңден ашуун адам каттоого алынган. Бул илдеттен 1657 киши каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG