Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Түркияда кыргызстандык аял каза тапканы кабарланды


Түркия.
Түркия.

Бул тууралуу "Dogan" кабар агенттиги билдирди. Окуя 3-декабрда Бурса шаарына караштуу Нилуфер аймагында болгон. Анда 27 жаштагы кыргызстандык Г.Р. жигити менен жашаган үйдүн 3-кабатынан кулап каза болгон. Нилуфер райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу бул маалыматтын чын-төгүнү такталып жатканын билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, Түркиядан жыл сайын Кыргызстанга орто эсеп менен 15тей "жүк-200" жөнөтүлөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG