Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:51

Сузакта автоунаа сүзүп кеткен окуучунун абалы туруктуу

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда машине коюп кеткен окуучулардын биринин абалы туруктуу.

Райондогу Октябрь айыл аймактык ооруканасынын дарыгери Өмүрзак Бороновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 9-класстын окуучусу баш мээси чайкалып, оң бутунан жараат алып ооруканага түшкөн. Анын ички органдарына операция жасалган, азыр абалы турукташып калды. Эми жабырлануучунун бутуна да операция жасалат.

3-декабрдын кечинде Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Сузактын Кара-Чолок айылында жолдо четинде бараткан беш окуучуну машине сүзүп, айдоочу качып кеткен болчу. Андан окуучулардын бири каза таап, бири ооруканага жеткирилген.

Окуучуларды коюп кеткен "Нива" Таран-Базар айылынан табылып, ээсине издөө жарыяланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG