Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:07

Испания соту Пучдемонду камакка алган ордерин артка кайтарды


4-декабрда Барселонада миңдеген адамдар көчөгө чыгып, мурдагы каталон жетекчилерин абактан бошотууну талап кылышты.

Испаниянын Улуттук жогорку соту күздөгү талаштуу референдумдан кийин Бельгияга чыгып кеткен мурдагы каталон президенти Карлес Пучдемонду жана анын өкмөтүнүн төрт мүчөсүн камакка алуу боюнча эл аралык ордерди 5-декабрда артка чакыртты. Сот бул чечимин сөз болуп жаткан жетекчилер "Испанияга кайтып келүүгө ынтызарлыгын көрсөттү" деген жүйө менен негиздеди.

Дүйшөмбүнүн кечинде Барселонада миңдеген адамдар көчөгө чыгып, мурдагы каталон жетекчилерин абактан бошотууну талап кылышты. Ал күнү Испаниянын Жогорку Соту мурдагы каталон өкмөт башчысы менен ички иштер министрин, аларга кошуп эки активистти күрөөгө бошотуудан баш тарткан.

Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган бул жетекчилер талаштуу референдумдан кийин камакка алынган.

XS
SM
MD
LG