Өзбекстандын Баш мыйзамынын кабыл алынышынын 25-жылдыгына карата өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 2700 айыпталуучуга мунапыс жарыялоо тууралуу буйрукка кол койду. Мындай ири мунапыс Өзбекстандын тарыхында биринчи ирет жарыяланды.
Буга чейин Өзбекстанда жыл сайын Эгемендик күнүнүн же башка бир белгилүү даталардын алдында мунапыс жарыяланып келген. Адатта мунапыска аялдар, жаш курагы 60тан өткөн эркектер жана өтө кооптуу эмес кылмыштарга баргандар кабылышчу.
Шавкат Мирзиёев бийликке келген бир жыл ичинде ондон ашуун журналисттер, укук коргоочулар жана саясий активисттер абактан бошотулду. Алардын арасында Мухаммад Бекжан, Аъзам Фармонов, Солиджон Абдурахманов, Бобомурод Раззаков жана башкалар бар.
"Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, ушул тапта өзбек түрмөлөрүндө 12 укук коргоочу жана журналист бар.