Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 20:59

Отуздан ашык уюм журналисттерге каршы доо боюнча өлкө жетекчилерине кайрылды


Сүрөттө президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жана премьер-министр Сапар Исаков. 27-ноябрь, 2017-жыл

Кыргызстандагы бир катар жарандык коом өкүлдөрү мурунку Zanoza.kg сайты жана бир катар журналисттерге салынган доо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жана премьер-министр Сапар Исаковдун дарегине кайрылуу жолдоду.

30дан ашык коомдук уюм, кыймыл өкүлдөрү кол койгон кайрылууда Жогорку Сот "журналисттерге карата мыйзамсыз чечим чыгарганына жана бул чечимди дароо аткаруу боюнча аракеттер башталганына" көңүл бурган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенине карабай сот аткаруучулар учурда соттун чечимин күч менен аткартууга мажбурлап, Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фондунан жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып жана Дина Масловадан 27 миллион сом, мурдагы депутат Чолпон Жакуповадан 3 миллион сом өндүрүүгө киришкени кайрылууда айтылат.

Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү соттун мындай чечими өлкөдөгү эркин басма сөздү туңгуюкка кептеп, сөз эркиндигине шек келтирерин белгилешкен.

“Моралдык кенемте пропорционалдуу болушу керек. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары сот аныктаган кенемтени сөз эркиндигин мыйзамсыз чектөө катары сыпаттады” - деп айтылат кайрылууда.

Жарандык коом өкүлдөрү өлкө жетекчилерине кайрылып, сот реформасын ишке ашырууга, мындан ары журналисттердин кесиптик ишмердигин чектебөөгө чакырган.

Жогорку Сот 30-ноябрда Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага жана "Ата Мекен" партиясынын юристтерине байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган эле.

Zanoza.kg сайтына байланыштуу жалпысынан беш иш козголгон.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпы 27 миллион сом өндүрүүнү Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырган. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG