Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Путин Египет менен Түркияга барары күтүлүүдө


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 11-декабрда Египетке жана Түркияга барары боолголонуп жатканын Кремлдин маалымат бөлүмү кабарлады. Путин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат.

Белгилүү болгондой Путин менен Эрдоган эки тараптуу алакаларды, анын ичинде биргелешкен энергетикалык долбоорлорду жана Сириядагы, жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашат.

Рейтер өз булактарына таянуу менен Эрдоган менен Путин Иерусалим боюнча АКШ чечимин да сүйлөшөрү күтүлүп жатканын жазды. Египет, Түркия жана Орусия Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин сынга алышкан.

Эрдоган менен Путин буга чейин ноябрда Орусиянын Сочи шаарында жолугушкан.

XS
SM
MD
LG