Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Израилдеги кагылышта эки адам набыт болду


АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалим шаарын Израилдин борбору катары тааныганына нааразылык күчөп, кагылыштарда эки адам набыт болгону кабарланды.

Палестиналыктар менен израилдиктер ортосунда тиреш болуп, жума күнү кечинде Израилдин аскерий учактары Газа тилкесине сокку урганы айтылууда. Израил тарап Газа тилкеси тараптан ракета учурулганын, андан соң учак жана танк менен жооп кайтарылганын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук бергенин 6-декабрда Ак үйдө жарыялаган. Бул билдирүү палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, Газа тилкесинде израил армиясы менен кагылышуулар уланууда.

Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери өтүп жатат. Акциялар Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Пакистандын Пешевар шаарында, Малазия менен Индонезия борборлорунда, Египетте өттү.

Кыргызстан 8-декабрда АКШнын Иерусалим боюнча чечимине тынчсыздануу билдирген.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талылуу маселеси.

XS
SM
MD
LG