Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп КСДП фракциясынан Алмаз Кененбаев шайланды. Шаардык кеңештин бүгүнкү кезексиз сессиясына 41 депутат катышып, Кененбаевдин талапкерлигине 25и "макул", 13ү "каршы" добуш беришти. Үч депутат добуш берген жок.
Бүгүн шаардык кеңеш көпчүлүк коалицияны да курап, ага КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары кирген. “Республика - Ата Журт” фракциясы оппозицияда калып, көпчүлүк коалициянын лидери болуп “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайбек Сагынов шайланган.
Алмаз Кененбаев буга чейин шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери болчу. 28-ноябрда социал-демократтар көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен. Айрым маалымат каражаттары бул төраганы алмаштырыш үчүн жасалган кадам экенин жазып чыгышкан. 30-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүсүралиев кызматын тапшырган.
Мурда Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция социал-демократтар, “Республика - Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн болчу. (NT/ErN)