Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:56

Нетаньяху Европаны АКШнын жолун жолдоого чакырды


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Европадагы мамлекеттер АКШнын артынан Иерусалимди Израилдин башкалаасы катары тааныйт деп күтүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Брюсселде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин өтө турган жыйынын утурлай, 11-декабрда билдирди. Ал ошондой эле АКШнын бул кадамы Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюна башкы комиссары Федерика Могерини шаркет Иерусалимге карата "эл аралык консенсусту" карманууну улантарын билдирди.

Эл аралык коомчулук бул чөлкөмдө Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деген турумду карманып келишет.

Президент Трамп 6-декабрда Ак үйдөгү сөзүндө Иерусалимди Израилдин башкалаасы катары таануу боюнча чечимин жарыялаган. Ал АКШнын элчилигин эми Тел-Авивден Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да билдирген.

Дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде Европадагы эң жакын өнөктөштөрү да АКШнын кадамын сынга алууда.

XS
SM
MD
LG