Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен өкмөттүн куралдуу тирешүүсү башталгандан бери 2,5 миңден ашуун карапайым адам өлүп, 9 миңден ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы адам укуктарына арналган баяндамасында көрсөтүлөт.
Анда Донбасстагы чатак аймагында адамдардын жоголушу, сотсуз жазалоо, кыйноо жана сексуалдык зомбулук көбүрөөк катталганы айтылат.
Уюм ошондой эле орусиячыл жикчилдер укук коргоочулардын Донбасстын абактарындагы адамдар менен сүйлөшүүсүнө мүмкүндүк бербегенин белгилейт. Ушундан улам ал жактагы укуктар бузулган учурлар жашырылышы мүмкүн экени белгиленет.
Ошондой эле документте 2014-жылы Киевдин Майданындагы митингде жана Одессадагы Профсоюз үйүндөгү өрттө өлтүрүлгөндөр үчүн алигиче эч ким жоопко тартылбаганы жазылган.