Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Луганск: жикчилдердин кармашы


Игорь Плотницкий (оңдо).
Игорь Плотницкий (оңдо).

Орусиячыл жикчилдер басып алган Украинанын Луганск шаарынын борборун кечээтен бери куралдуу кишилер ээлеп турат. Алар "Луганск элдик жумуриятынын" административдик имараттарына барчу жолдорду бууп салган.

Өздөрүн “республика” атап алган, Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустары 2014-жылдан бери расмий Киев менен тирешип келе жатат. Украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин Донбасстагы бул согушунан миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды.

"Луганск элдик жумуриятындагы" акыркы окуялар анын башчысы Игорь Плотницкий менен кызматтан алынган ички иштер министри Игорь Корнеттин ортосундагы жаңжалга байланыштырылууда. Плотницкий Игорь Корнетти 20-ноябрда кызматтан алган. Министр болсо буйрукка баш ийген эмес.

Ал арада Плотницкий Орусияга чыгып кеткени жөнүндө карама-каршы маалыматтар түшүп жатат. Бирок “Луганск элдик жумуриятынын” телеканалы шаршемби күнү эртең менен аны төгүндөөгө аракет кылган видеотасма жарыялады.

Плотницкий өткөрүп жаткан жумушчу жыйын.
Плотницкий өткөрүп жаткан жумушчу жыйын.

Ага ылайык, Плотницкий Орусияга качып кетпей эле жумуш ордунда жаңы дайындалган ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлери менен шейшемби күнү болгон окуяларды талкуулап, тапшырма берип жатканын көрүүгө болот. Бирок жумуш кеңешмеси Лугансктын өзүндөбү же башка жерде болгонбу, белгисиз. Анда Плотницкий мурдагы ички иштер министри Игорь Корнетти “мамлекеттик төңкөрүш” үчүн айыптаган:

- Мыйзам бар. Мыйзам боюнча баары түшүнүктүү. Биз мурдагы министр Корнет мыйзам бузган учурларды, азыр эми кылмыштарды деп да айтсак болот, жетиштүү баалабаптырбыз. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган авантюранын артында мындан да тереңирээк нерсе кымырылып жатат.

Окуя шейшемби күнү Луганск шаарындагы "элдик республиканын” администрациясына барчу жолдорду эч кандай таанытма белгилери жок форма кийген адамдар ээлеп алгандан кийин курчуган.

Лугансктын лидери Игорь Плотницкий белгисиз адамдардан шаарды бошотууну талап кылган, бирок алар талапты аткарышкан эмес. Кийинчерээк бул адамдар кызматынан четтетилген Игорь Корнетке жан тарткан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү экени маалым болду.

Кечинде болсо Луганск шаарына ондогон аскер автоунаалары кирип келген. "Bellingcat" интернет-сайтынын журналисти Эрик Толер алар “Донецк элдик жумуриятынан" келген жикчилдер экенин кабарлаган.

Лугансктын көчөлөрүндөгү адамдар.
Лугансктын көчөлөрүндөгү адамдар.

Ал эми Плотницкий иштен бошоткон ИИМдин башчысы Игорь Корнет шейшемби күнү Луганскта куралчан адамдардын пайда болушун түшүндүрүп, 21-ноябрдын түнүндө украиналык диверсиялык топ кармалганын билдирди.

- Бүгүн түн ичинде биздин жумурияттын аймагында бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну көздөгөн украиналык диверсиялык топтун көпчүлүк мүчөлөрү кармалды. Бирок майдалары качып үлгүрдү, - деген Игорь Корнет анын кызматтан кеткени тууралуу маалымат жалган экенин билдирди.

Игорь Корнет.
Игорь Корнет.

Шейшемби күнү РБК басылмасы Кремл Игорь Корнетти колдоп жатканын жазган, бирок Москва бүгүн бул маалыматты төгүндөгөн билдирүү жасады. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лугансктагы окуяларга Кремл көз салып жатканын гана айтып, окуянын аки-чүкүсү тууралуу комментарий бербегенин ТАСС агенттиги маалымдады.

Ал арада шаарды ээлеп турган куралчан адамдар “Луганск элдик жумуриятынын" прокуратурасынын имаратын басып алып, башкы прокурор Виталий Подобрыйды жана аскер прокурору Сергей Разнону камакка алганын орусиялык "Новая газета" басылмасы жазды. Имаратты басып алууга жикчил “Донецк элдик жумуриятынын" атайын аскер бөлүгү жана “Луганск элдик жумуриятынын" ИИМ кызматкерлери катышканы кабарланды.

Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустары өздөрүн “республика” атап, 2014-жылдан бери расмий Киев менен жоолашып келе жатат. Украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин Донбасстагы согушу 2014-жылдын апрелинен бери 10 миңдей кишинин өмүрүн кыйды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG