Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Киевдеги жардыруу теракт деп сыпатталды


Киев
Киев

Украин баш калаасында шаршембинин кечинде болгон жардыруудан эки киши каза тапты, парламенттеги оппозициялык депутат жараат алды. Бул иш теракт катары иликтене баштады.

Жардыруу "Эспрессо" деген телеканалдын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында болгон. Полициянын маалыматы боюнча ошол кезде Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук жана бир нече киши редакциядан чыгып бараткан. Алдын ала версияга караганда, бомба мотоциклге коюлган.

Натыйжада депутаттын жансакчысы жана көчөдө өтүп бараткан киши набыт болду.

- Каза тапкандардын бири патрулдук атайын күчтөрдүн кызматкери, 1986-жылы туулган. Төрт киши ар кандай даражадагы жараат алды. Депутат Мосийчук ушу тапта Борис ооруканасында жатат. Колу-бутунан, жонунан жана курсагынан жараат алган, - деди Киев прокурорунун орун басары Павло Кононеко окуя болгон жерге барганда.

Дагы бир маалыматтар боюнча ошол маалда көчөдөн өтүп бараткан жергиликтүү жаш тургун каза болгон.

Украинанын коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Олена Хитлянска "террордук уюм тарабынан жасалган теракт боюнча тергөө башталганын" Фейсбукка жазды.

- Тергөөчүлөр бардык версияларды текшерип жатат, белгисиз адамдар депутат өтүп бараткан жерде мотоциклди жардырып жибергени аныкталган, - деди Хитлянска.

Ал эми Ички иштер министрлигинин кеңешчиси жардыруу сыягы «кимдир бирөөнүн өмүрүнө кол салууну көздөгөн» деп айтты. Мосийчукка операция жасалды, догдурлардын айтымында, ал өзүнө келди, абалы орточо оор деп бааланууда.

Ал кирген Радикалдуу партия жардырууну «адам өлтүрүү аракети» деп атады.

- Бул кол салуунун Мосийчуктун саясий ишмердигине жана көз караштарына байланышы бар экени айдан ачык. Абдан профессионалдуу уюштурушуптур, аскерлердикиндей жардыруучу жабдуу колдонулган, - деди партиянын лидери Олег Ляшко.

Игорь Мосийчук
Игорь Мосийчук

Депутат "Азов" батальонунун мурдагы командирлеринин бири. Анын 2014-жылы Грозныйда болгон терактка байланыштуу айткан сөздөрү Орусияда терроризмди актоо деп бааланып, кылмыш иши козголгон.

Мосийчук өзү "кол салууга буйрук бергендер Москвада, аткаргандар болсо Киевде жүргөн орусиялык агенттер" деп санарын операциядан кийин айтты. Бирок полиция азырынча шектүүлөр жок экенин маалымдады.

Ал эми президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын бул ишке кийлигишүүсү тууралуу айыптоолорду "негизсиз" деп атап, бул "Украина жана Киевде жайылып бараткан антиорусиялык кампаниянын бир бөлүгү” деп сыпаттады.

Буга чейин украин баш калаасында саясатчылар менен журналисттерге бир нече ирет кол салуу болгон. Март айында эле орусиялык мурдагы депутат, Кремлдин сынчысы, бир нече жылдан бери Украинада жашап жүргөн Денис Вороненковду атып кетишкен.

Былтыр июлда теги беларустук журналист, көз карандысыз "Украинская правда" гезитинин кабарчысы Павел Шеремет машинасы жарылганда мерт кеткен. Ал Москваны да, Киевди да сындаган материалдары менен белгилүү болчу. Бул эки иштин бети азыркыга чейин ачыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG