Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Киев Вороненковдун өлүмүн Кремлден көрдү


Денис Вороненков
Денис Вороненков

Украинанын баш калаасы Киевдин борборунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Денис Вороненков атып өлтүрүлдү.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты, Коопсуздук боюнча комитеттин мурдагы мүчөсү Денис Вороненковду Киевдин борбордук бөлүгүндөгү “Премьер Палас” мейманканасынын алдынан, бейшембиде, түшкү саат 11.30дарда атып кетишкен. Ар кандай маалыматтар боюнча Вороненков жана анын жансакчысына жети-сегиз жолу “ТТ” маркасындагы тапанчадан ок тийген.

Вороненков ошол эле жерден жантаслим болгон. Жансакчысы жана кол салган адам оор жараат алган. Экөө тең ооруканага жеткирилип, көп узабай кол салган адам өзүнө келбей каза болгон.

Украинанын Ички иштер министрлиги окуя боюнча “Атайылап жасалган киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ар кандай маалымат боюнча Вороненковго 7-8 жолу ок тийген.
Ар кандай маалымат боюнча Вороненковго 7-8 жолу ок тийген.

Украин президенти Петро Порошкенко окуяны “Орусия тараптан жасалган терроризм актысы” деп атады. Порошкенко кошумчалагандай кылмышта орусиялык атайын кызматтардын изи көрүнүп турат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын дагы бир депутаты, учурда Украинада жашаган Илья Пономарев Денис Вороненков аны менен жолугушууга баратканда өлтүрүлгөнүн айтты:

- Денис Вороненков Орусиянын укук коргоо органдарынын коррупцияга аралашкан кызматкерлери үчүн абдан кооптуу адам болгон. Ал Орусиядагы аткезчилик агымдары тууралуу көп маалыматка ээ болуп, чыныгы иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан. Денис менин оюм боюнча, Украина үчүн абдан баалуу адам эле. Путиндин бийлигинин эң талуу жерлери тууралуу абдан көп маалыматка ээ болчу.

Вороненков маанилүү маалыматка ээ болгонун Украинанын Улуттук полициясынын жетекчи орун басары Александр Вакуленко, Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко да ырасташты:

- Бул Украинанын мурдагы президенти Януковичтин иши боюнча көрсөтмө берип жаткан башкы күбөнүн өлтүрүлүшү жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аткезчилик иштери боюнча маалыматка ээ адамдын өлтүрлүшү, - деген Луценко кийинчерээк атышуу болгон жерге Украинанын аскерий прокурору Анатолий Матиос менен бирге келди.

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, Киевде жашаган Илья Пономарев.
Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, Киевде жашаган Илья Пономарев.

Жогорку Раданын көптөгөн депутаттары Вороненковдун өлтүрүлүшүн Орусиядан чыгып кетүүнү көздөгөн жана Кремлдегилердин кылмыштарын ашкере кылууну каалаган башка орус саясатчыларына "сабак" деп айтышууда.

Орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вороненковдун өлүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

“Бул биздин тема эмес”, - деди ал “Дождь” телеканалынын журналисти берген суроого жооп берип жатып.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Украинанын тиешелүү мекемелери бул кылмышты “саясатташтырбай”, тез жана ыкчам иликтеп, анык буйрук берген адамды табышарына үмүттөнөрүн айтты.

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Украинага 2016-жылдын октябрь айында, өзүнүн айтуусу боюнча мекениндеги куугунтук коркунучунан улам кетип калган. Эки айдан соң Украинанын жарандыгын алган. Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Орусиянын Тергөө комитети ага федералдык издөө жарыялаган.

Январь айында Вороненков мурдагы президент Виктор Януковичке каршы Украинанын Башкы прокуратурасына көрсөтмө бергенин билдирген.

Вороененковдун жубайы, Мамдуманын мурдагы депутаты, опера ырчысы Мария Максакова.
Вороененковдун жубайы, Мамдуманын мурдагы депутаты, опера ырчысы Мария Максакова.

Украинага көчүп кеткенден кийинки берген маегинде Вороненков Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы чыгып, орус бийликтерин кескин сындап келгенин айткан.

Март айынын башында Москанын Басманный соту Денис Вороненковду сыртынан эки айга кескен. Ал Москванын борборундагы баасы 5 миллион долларды түзгөн имаратты рейдерлик жол менен басып алган деп айыпталып келген.

45 жаштагы Вороненков 2011-2016-жылдары Коммунисттик партиянын катарында Мамлекеттик Думанын депутаты болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG