Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Порошенко: Крымды акчага алмашпайбыз


Петр Порошенко жана Милош Земан
Петр Порошенко жана Милош Земан

Украина президенти Петро Порошенко Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясын Орусияга басым көрсөтүүгө чакырды. Ал ошондой эле Крым үчүн Орусиядан акчалай же мунай, газ менен кенемте алуу сунушун кескин четке какты.

Украина президенти ПАСЕнин жалпы жыйынында 11-октябрда сүйлөдү. Бир топ маселелер менен катар ал Крымдагы жагдайга да токтолду.

“Системалуу репрессиялар Крым жарым аралынын эркиндигин жоготту жана коркунуч аймагына айлантты. Басып алынган Крымда Орусия советтик репрессивдик машинанын эң жаман кылыктарын көрсөтүп жатат. "Орусияга кошулуу" деген түшүнүктөн баш тартууга батынган ким гана болбосун кармалып, куугунтукталып, кыйноого алынып, сотсуз жазаланып, адамгерчиликсиз мамилеге кабылууда", - деди Порошенко.

Порошенко ошондой эле Крымдын оккупациясы "бүткөн иш" деген бир күн мурдагы чех президентинин билдирүүсүн кескин четке какты. Милош Земан анда эки тарапты сүйлөшүүгө чакырып, Украина Орусиядан кенемте алса кандай болот деген ойду ортого таштаган.

Крым жарым аралы
Крым жарым аралы

"Менин жеке көз карашымда, Крым үчүн кандайдыр каржы же ресурс түрүндө компенсация алса болот. Мунай же газды айтып атам. Бул болгону менин жеке сунушум" деген эле Милош Земан.

- Биз Крымды сатпайбыз жана сатып албайбыз. Бул акчага, газга, мунайга же башкага бааланчу маселе эмес. Крым Украинага кайтарылышы керек. Бул Европадагы мыйзам жана тартип. Бул Европа менен дүйнөдөгү коопсуздук, - деп кескин жооп берди Порошенко.

Мындан тышкары ПАСЕ жыйынында Орусия абактарында жаткан жарандарын бошотуу, өлкөсүндөгү аткарылып жаткан иштер, коррупция менен күрөш, билим берүү жаатындагы реформаларга токтолду.

Крымдын оккупация болушу тууралуу маалыматты камтыган китепче.
Крымдын оккупация болушу тууралуу маалыматты камтыган китепче.

Украин президенти ошондой эле бир жагынан Орусиянын агрессиясы, тагырагы Крымдан тышкары Донбасстагы жикчилдерди колдоосуна каршы туруп, экинчи жагынан татаал реформаларды ишке ашырып жатышкандыктарын белгиледи. Муну эки фронттогу күрөш деп атады.

Ошол эле учурда өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер ортосундагы жаңжалды тынч чечүүгө даярдыгын билдирди. Орусияны Минск келишиминдеги милдеттерин аткарууга чакырды.

Минск келишимине 2015-жылы кол коюлган. Анда ок атышууну токтотуу, жаңжалды жөнгө салуу чаралары жазылган. Бирок аткарылбай келет.

Орусия Крымды 2014-жылы басып алган. Орус аскерлеринин басымы кайтаруусу астында өткөрүлгөн референдумду дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес. Москва ошондой эле Украина чыгышындагы жикчилдерди да колдоп келет. Жикчилдер менен өкмөттүн ортосундагы согушта үч жылдан бери 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG