Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Акыйкатчы Орусиядагы жол кырсыктарын иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүндү

Кубат Оторбаев .
Кубат Оторбаев .

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев кыргызстандыктар кабылган жол кырсыктарын иликтөөнү көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Орусиянын Акыйкатчысына кайрылды.

Кайрылууда эки жарандын өлүмү менен аяктаган Самарадагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбогону, Москвада кыргызстандык келинди сүзгөн айдоочу качып кетип, жабыркаган тараптын арызын полиция кабыл албай жатканы белгиленген. 

7-декабрда Орусиянын Самара облусунун Нефтегорск районунда кыргызстандыктар түшкөн "Вольво" жүк ташуучу автоунаасы менен Орусиянын жараны айдап келе жаткан "Урал" машинеси кагылышкан. Кырсыктан "Вольводогу" эки киши каза болгон. Дагы эки киши - маркумдардын биринин аялы жана небереси - оор жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Алардын жакындары кырсыкка "Урал" жүк ташуучу машинесинин айдоочусу уктап кеткени себеп болгонун, ооруканадагылар жардамга муктаж экенин билдиришкен.

27-ноябрда Москвада иштеп жүргөн төрт балалуу жалгыз бой мигрант аялды Вернадский көчөсүндө белгисиз айдоочу сүзүп кеткен. Ал азыр оор абалда бейтапканада жатат.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, учурда бир миллионго жакын кыргызстандык Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (NT) 

XS
SM
MD
LG