Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:49

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жайгашкан "ЗиЛ" лыжа базасы боюнча кайрадан чыр чыкты. Базанын директору Акбар Рыскулов “Азаттык” радиосуна маалымдаганына караганда, бүгүн Үч-Эмчек айылында жергиликтүү тургундар катышкан жыйын өтүп, анда жерди базага ижарага бербөө чечими кабыл алынды.

Рыскуловдун айтымында, бул маселе соңку төрт айдан бери чечилбей келе жаткан. Бүгүнкү жолугушууда жергиликтүүлөр “Бизге лыжа базасы кереги жок” деген чечишти:

- Кантип иштемек эле? Алар “кой жайганга жер калбай калат” деп айтып жатышат. Мен “Аксакалдар, ал жерде азыр кар жатат. Ким кой жаймак эле? Жазында жайгыла, каршылыгыбыз жок” деп айттым.

Маселеге байланыштуу “Азаттык” өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мидин Алыбаевге кайрылды. Ал “ЗиЛ” базасынын иши быйыл үзгүлтүккө учурабай турганын айтты:

- Бул жыл сайын болуп жаткан чогулуштар. Жергиликтүү тургундардын да ар кандай талаптары бар. Эртең бул маселе облуста талкууланат. Бирок база быйыл иштейт. Эч тоскоолдук жок.

Бишкектин чет жакасындагы “ЗиЛ” базасынын жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиги буга чейин да болуп келген.

База Бишкектен 35 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1810 м бийиктикте жайгашкан. 2010-жылы ачылган жай жыл сайын декабрдан мартка чейин иштейт. Бир сезондо 50-60 миң эс алуучуну тейлейт. Администрация, тамактануучу жана башка тейлөө бекеттери жайгашкан жер төрт гектар, ал эми лыжа тебүүчү аянт 90 гектардай жерди ээлейт. Базаны ишкер Акбар Рыскулов салык жана ижара акысын төлөп иштетет. Жумушчулардын 40% - жергиликтүү тургундар. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG