Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Мэрия жаңы жылдык салтанаттарга үч миллион сомдон ашуун акча сарптайт


Бишкектеги балаты. (Архив)
Бишкектеги балаты. (Архив)

Бишкек шаарынын мэриясы "быйыл жаңы жылдык салтанаттын режиссеруна былтыркыдан 12 эсе көп акча төлөнөт" деген маалыматтарды четке какты.

Мекеменин маданият башкармалыгы тараткан билдирүүдө 15-декабрдагы жана 31-декабрдагы жаңы жылдык салтанаттарды өткөрүүгө мэрия тарабынан жалпы 3 миллион 454 миң сом каралганы айтылат. Анын ичинде жарык берүүчү, үн аппараттарын, үч лэд экрандын жана лайэрдин, жаңы жылдык костюмдардын, биологиялык дааратканалардын ижарасы, режиссердук, чыгармачылык топтун, артисттердин акысы, жаңы жылдык фейерверк, сахнаны жасалгалоо жана башка иштерге кете турган акча камтылганы белгиленген. Режиссердук, чыгармачыл топко, артисттерге, костюмдарга жалпысынан 600 миң сом берилери, тендерде булардын баары бөлүнбөй жалпылаштырып жазылганы кошумчаланган.

Буга чейин мэрия майрамдык салтанатты өткөрүү боюнча тендер жарыялаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары быйыл режиссерлордун акысы эле өтө кымбатка бааланганын жазып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG