Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

АКШ Ирандын "тана албай турган" жоругун ашкерелегени турат


Никки Хейли.
Никки Хейли.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Иран эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканы тууралуу “төгүндөлбөй турган далилдерди” 14-декабрда басма сөз жыйынында жарыялаганы жатат.

АКШнын миссиясы элчи Ирандын “Жакынкы Чыгышта жана дүйнөнүн башка жерлеринде абалдын туруктуулугун бузуу иштерин улантып жатканы” боюнча маселелерди көтөрөөрүн кабарлады.

Буга чейин АКШ менен Сауд Аравия Иранды Йемендеги шийит тайпасы -хусит козголоңчуларын курал, анын ичинде ракета менен жабдууда деп айыпташкан. Бул маалыматты Иран четке каккан.

Хуситтер Саудиянын борбору Эр-Риядды карай 4-ноябрда баллистикалык ракета атышкан, ага чейин 22-июлда да Йеменден баллистикалык ракета Саудиянын башка шаарын карай атылган.

Буга чейин Вашингтон Тегеранды баллистикалык ракеталарын сыноо менен 2015-жылкы өзөктүк келишимдин “маңызын” бузууда деп да күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG