Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Бишкекте 200дөй селсаяк башпаанек жайларда жашап жатат


Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоону камсыздоо башкармалыгынын эсебиндеги 200дөй селсаяк убактылуу башпаанек жайларында кыштап жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Баш калаадагы төрт баш калка жайында селсаяктар үчүн бир маал ысык тамак уюштурулуп, кургак учуктун алдын алуучу медициналык кароолор өтүп жатат.

Аталган башкармалыктын жетекчиси Лидия Мухамедшина баңгиман, аракеч, ВИЧ позитивдүү жана кургак учук менен ооруган селсаяктарды реабилитациялоо үчүн атайын борбор керектигин билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG