Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Ыргытылган ымыркай боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги суу каналдын боюнан ымыркайдын сөөгү табылган окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренесинин (“Энесинин жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүшү”) негизинде кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов бүгүн кабарлады. Азырынча баланын энеси табыла элек.

Маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн баланын сөөгү 14-декабрда Көлбаев көчөсү менен Чүй каналынын ортосунан табылган. Анын денесинде кыйноонун издери байкалган. Милиция бала муунтулганбы же ташталгандан кийин жырткычтар кол салганбы деп иликтеп жатканын билдирди.

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда жарыкка жаңы келген эки ымыркайды көчөгө таштап кетишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG