Президент Доналд Трамп 18-декабрда АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясын жарыялап, анда Кытай менен Орусияны Кошмо Штаттар үчүн "атаандаш державалар" деп атады. Ал АКШ бул эки өлкө менен “мыкты өнөктөштүктү” көздөөрүн, бирок өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой турганын айтты.
"Алар АКШнын таасирине, баалуулуктарына, байлыгына чакырык таштоону көздөшөт. Биз алар менен да, башка мамлекеттер менен да мыкты өнөктөштүк түзүүгө умтулабыз, бирок ар качан улуттук кызыкчылыктарды коргоо жолу менен", - деди Трамп
АКШнын президенти келечекте "реализм" жана "биринчи иретте Америка" деген принциптер улуттук коопсуздук маселесинде багыт берүүчү жобо боло турганын белгилеп, мурдагы администрациялардын террорчулукка каршы күрөш, Иран жана Түндүк Корея боюнча позицияларын сынга алды.
Президент Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимге жана Париж макулдашуусуна кайрадан терс баа берди.